Пример HTML-страницы

Сузакта тоо этегиндеги үйгө чагылган түшүп, күйүп кетти. Үч өспүрүм терезеден качып чыккан

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Кара-Инген айылындагы тоонун этегинде жайгашкан турак үйгө чагылган түшүп, күйүп кетти.

ӨКМдин маалыматы боюнча, окуя кечээ, 8-апрель күнү таңкы саат 04:15 чамасында болгон. Турак үй өрттөнүп жаткан учурда 2009-жылы туулган Б.А., 2009-жылы туулган Б.Э. (эгиз балдар) жана 2009-жылы туулган А.М. аттуу эркек бала терезеден качып чыгышкан.

«Алардан башка үйдүн ичинде эч ким болгон эмес. Жабыркандар жок. Ал эми жогоруда аталган балдар туугандарыныкына жайгаштырылды. Жеринде жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан акт түзүлүп, турак үй жараксыз экени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE