Пример HTML-страницы

Сузакта мыйзамсыз аңчылык кылган адам аныкталып, куралы алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак районунда мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Чымчык-Жар айылында аңчылык кылып жүргөн 4 жаранга текшерүү жүргүзүшкөн. Алардын үчөөнүн аңчылык кылууга жана мергенчилик курал көтөрүүгө уруксат кагазы бар экени, ал эми бирөөнүкү жок экени аныкталган. Уруксаты барлар 1 чөө, 19 жапайы көгүчкөн атышкан. Мындан улам уруксат кагазы жок Г.С. аттуу жарандын мергенчилик куралына акт түзүлүп, куралы алынды. Ал жаранУкук бузуу кодекси боюнча тиешелүү административдик айып пулун төлөй турган болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE