Пример HTML-страницы

Сузакта экинчи мамлекеттик дарыкана ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн,13-февралда Сузак районунда «Эл аман» аталыштагы экинчи дарыкана ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов баштаган жетекчилер, дарыгерлер катышты. Анда ал мамлекеттик дарыканалардын ачылышы калктын саламаттыгы үчүн жүрүп жаткан кадам экенин, дары-дармектердин баалары жеке менчик дарыканалардан 15 пайызга чейин арзан турарын жана борбор калаадагы дары-дармектердин баасы менен бирдей экенин белгиледи.

Маалым болгондой, бул дарыкана Жалал-Абад облусу боюнча 11-дарыкана, ал эми республикада 69-дарыкана болуп калды.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген маалыматка караганда, республика боюнча жалпы 100 мамлекеттик дарыкана ачылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE