Пример HTML-страницы

Сулайман-Тоодогу чектөө боюнча жетекчинин түшүндүрмөсү

Акыркы жанылыктар

Turmush«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жазгы иштөө режимине өтүп, тоого чыгуу убактысы 18:00гө чейин өзгөрдү. Музей комплекстин жетекчиси Гүлбара Абдыкалыкова бул жагдай боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, музей комплекси тартипке ылайык, бардык эле мекемелер сыяктуу бекитилген графиктин негизинде иштейт.

«Учурда жазгы режимде иштеп жатабыз, башкача айтканда көрөрмандарды кабыл алуу 18:00гө чейин жүргүзүлүүдө. Орозо айы аяктагандан кийин иш убактысы дагы бир саатка узартылат. Ал эми жай мезгилинде иштөө убактысы дагы 2 саатка чейин узартылат.

Сулайман-Тоо — баарыбызга белгилүү, зыярат кылуучу ыйык жай. Дүйнөлүк мурастар тизмесине да ыйык, касиеттүү тоо катары киргизилген. Бул ыйык тоону, анын жаратылышын — флора жана фаунасын, касиеттүү жайларын, боорлорунда жайгашкан көп сандаган ташка чегилген уникалдуу сүрөттөрдү, башкача айтканда петроглифтерди, аймагындагы тарыхый-архитектуралык, археологиялык эстеликтерди кийинки муундарга өз калыбында жеткирүү үчүн сактоо биринчи кезектеги милдет. Учурда коюлган чектөөлөр дал ушул максатты гана көздөйт. Мен ишенем, коомчулук муну түшүнүп турат.

Албетте, жаздын келиши, күндүн жылышы менен музей комплексине, тагыраагы тоого келген адамдардын агымы күн санап көбөйүүдө. Бул өз кезегинде тоого болгон басымды көбөйтүүдө. Тоо да кайсы бир деӊгээлде эс алууга муктаж, келген адамдардын ар кандай энергетикасын өзүнө сиӊирип, кайрадан тазаланып, өзүнө келгенге үлгүрбөй калып жаткандай. Ысык-Көл да жай мезгилинде көбүрөөк булганып, суусунун тунуктугун жоготсо, кышкысын бир аз «тазарып» алат. Ал эми Сулайман-Тоого кышкысын да чыккандар аз эмес. Жыл бою үч жүз миӊден ашуун көрөрман касса аркылуу өтсө, тоонун арткы бөлүгүндөгү ачык жерлер аркылуу (тосмолордун алдынан киргендер да бар) тоого чыккандардын саны билет алып киргендердин санына дээрлик барабар.

Мындан тышкары музей комплекси тарабынан бир жума бою жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, тоого атайын зыярат кылуу, куран окуу же сыйынуу жөрөлгөрүн аткаруу үчүн көбүнчө күндүзгү убакта келишет. Ал эми иш убактысы бүткөндөн кийин, кечкисин келгендердин 95-100%ы көӊүл ачууга келген жаштар (студенттер менен жогорку класстын окуучулары), алардын 80-90%ы тамак-аш менен келгендер (пицца, суусундук жана башка ичимдиктер). Бул тенденция өзгөчө орозо учурунда күч алды.

Акыркы убакта киргизилген чектөөлөр Ички иштер министрлигинин коопсуздук кызматы менен бирге жүргүзүлгөн көзөмөлдөн улам бул көрүнүш бир аз өзгөрдү. Чыккан таштандынын көлөмү салыштырмалуу азайып калды. Тоонун флора жана фаунасына таштанды гана эмес, ошол жерлерди тебелеп жүргөндөр да зыян келтириши мүмкүн. Жаз келип, жер жылып, чөп жаӊы чыгып жатканда аны тебелеп, ар кандай өсүмдүктөрдүн өсүшүнө да тоскоолдуктарды жаратып, гүлдөрдү үзгөндөр да болуп жатат. Чектөөлөрдү киргизүүдө ушул жагдайлардын бардыгы эске алынган», — дейт Гүлбара Кадырбековна.

«Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө» мыйзамына ылайык, тарыхый-маданий мурас объектилери стратегиялык объектилерге кирет. Ошондой эле өкмөттүн «Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык бекитилген тизмеде эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери «В» категориясына (олуттуу объектилер) киргизилген режимдик объект. Ал эми мындай объекттердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата атайын талаптар бар.

Ошондой эле директор Гүлбара Абдыкалыкова жарыктандыруу жана түзүлө турган шаарттар боюнча кошумчалады.

«Тоого чыгуу үчүн атайын инфратүзүм каралган, башкача айтканда жолдор, тепкичтер, тыныгуу үчүн отура турган жайлар бар. Келген көрөрмандар, зыяратчылар дал ошол жолдор менен гана жүрүүсү шарт. Тилекке каршы, ал жолдон чыгып, тоонун башка, кооптуу жерлерине чейин чыгып кетип жатышат. Эскертүү белгилери деле коюлган, бирок азыраак санда, көбү эскирген болгондуктан көп байкалбай жатканын түшүндүк.

Жакында, апрель ичинде жаӊы эскерткичтер, белгилер көбөйтүлүп коюлат. Жарыктандыруу боюнча да ошондой эле маселе, жарыктандыруу бар, бирок жетиштүү деӊгээлде эмес. Учурда күн батареялары менен иштеген жарыктандырууну караштырып жатабыз. Бирок албетте, жарыктандыруу да киши баса турган жолдорго жана басууга уруксат берилген гана жерлерге коюлат.

Тоонун эӊ бийик, кооптуу жерлерине чейин чыгып, тамактангандар, күн карама чаккандар, балмуздак жегендер бар. Анын кесепетинен тоонун чокусунда азыр бир нече жылдык таштанды чогулуп калган. Жазылган жерлер бар, ал жерге чыгып тазалоо абдан кооптуу, атайын даярдыктагы күч, балким кандайдыр бир атайын техниканын жардамы менен алып чыгуу керек.

Менимче, «Сулайман-Тоо» музей комплексинин аймагында жазылган «Таштанды таштаба!» деген эскертүү белгиси менен гана бул маселе чечилип калбайт. Тоодогу таштанды «Таштанды таштаба!» деген эскертүүнүн жоктугунан же кызматкерлер эскертпей койгондуктан, же таштанды салганга урнанын жоктугунан эмес. Таштанды таштабоого, коомдук жайларда тазалыкты сактоого, жаратылышка аяр мамиле жасоого үй-бүлөдөн баштап, бала бакчада, мектепте, жогорку окуу жайларга жана башкаларга чейин тарбиялоо зарыл», — деди ал.

«Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, корголуучу зона — чарбалык иштин жөнгө салынуучу режими бар аймак. Ал жакын жашаган жергиликтүү жамааттардын чарбалык иштеринин натыйжасынын бүткүл жаратылыш комплексине болуучу таасирин азайтуу максатында, ал эми буфердик зона — аймактын адатта корголуучу зонасын курчап турган же аны менен чектешкен жана илимий изилдөөлөр, айыл чарбалык жерлерди регламенттүү пайдалануу үчүн түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан аныкталган Сулайман-Тоонун корголуучу зонасын 134,7 гектар жер түзөт. Ал эми буфердик зонасы 4788 гектар аймакты камтыйт. Буфердик зона ЮНЕСКО тарабынан белгиленген, бул аймакка Сулайман-Тоодон тышкары Керме-Тоо, Айырмач-Тоо дагы кирет. Себеби бул тоолордо да көп сандаган уникалдуу эстеликтер — петроглифтер жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» жана «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, 2006-жылдын 8-сентябрында өкмөттүн №638 «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый- археологиялык музей комплексин коргоо жана пайдалануу жөнүндө» токтому кабыл алынган. Токтомго ылайык, Сулайман-Тоонун корголуучу зонасынын аймагынын чектери — А.Навои, Курманжан датка жана Г.Айтиев көчөлөрү аныкталган.

Ушул эле токтомдун негизинде бул корголуучу зонада Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органы жана маданият боюнча мамлекеттик органы менен тийиштүү түрдө макулдашуусуз курулуштун бардык түрлөрүнө тыюу салынган. Башкача айтканда, корголуучу зонанын чегинде жер тилкеси же үйү, имараты бар физикалык, юридикалык, мамлекеттик же муниципалдык — кайсы тарап болбосун, ал жерде кандайдыр бир курулуш же чарбалык ишин пландаган болсо, аны тиешелүү мамлекеттик органдар менен белгиленген тартипте макулдашуу аркылуу гана ишке ашырууга мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE