Пример HTML-страницы

Самаркандек айылындагы сугат суу көйгөйү. Төрт-Көчөдө кыргыз жана тажик делегациялары жолукту

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз жана тажик делегациялары сугат суу маселесине байланыштуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

  • Буга чейин Баткен районунун Самаркандек айылынын тургундары тарабынан суу маселеси көтөрүлүп, Актатыр каналына белгиленген өлчөмдөгү суу келбей жатат деген маселесин айтып чыгышкан.

Мындан улам эки тараптан район акимдеринин биринчи орун басарларынын деңгээлинде жумушчу топ түзүлгөн. 2023-жылдын 27-июлунда Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Таалайбек Ибраимов баш болгон делегация Баткен районунун Орто-Боз айылы менен Тажикстандын Хочаи-Аъло айылына чектешкен Төрт-Көчө жерлигинде Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасынын орун басары Мухамад Мухидинзода жетектеген делегация менен жолугушту.

Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тиешелүү жетекчилер, суу чарба кызматынын, айыл өкмөтүнүн башчылары катышты.

Жолугушууда негизинен ички арыктарды, каналдарды тазалоо иштерин макулдашуу менен жүргүзүү, суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуулар зарылдыгы белгиленди. Макулдашылбаган аймактарда түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ошондой эле эки тараптуу делегация чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча да макулдашышты.

Андан сырткары эки элдин арасында түрдүү провокациялык чакырыктарды болтурбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек арадагы аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.

Жолугушуунун убактысы эки саатка созулуп, эки тараптын суу чарба башкармалыктарына, айыл өкмөтүнүн башчыларына белгиленген өлчөмдөгү сууну камсыз кылуу жагы тапшырылды.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясы учурда Самаркандек айыл аймагындагы айылдарда суу жетиштүү экенин, суу белгиленген өлчөмдө келип жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE