Пример HTML-страницы

Саанчы болуп иштеген Ырысбүбү апа 2 жолу депутат болуп, Германияга чейин барып келген

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 69 жаштагы тургуну Ырысбүбү Орозбаева 20 жылдан ашык саанчы болуп иштеп, жумушунун алдыңкысы болгону үчүн 2 жолу партияга депутат болуп шайланган. Аймактык кабарчы ардагер ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында чоңойгон.

«1972-жылы ушул эле айылда Акчал уулу Дүйшөн атындагы мектебин аяктагам. 1973-жылы ушул айылга Болотжан Орозбаевга турмушка чыккам. 1974-жылдан баштап, экөөбүз тең «Красная заря» колхозунда иштедик. Мен саанчы болуп иштеп жүрүп, жумушума абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылганымды байкашып, 1980-жылдары Кыргызстандын коммунисттик жаштар союзуна 23-24- Ленин райондук конференциясына делегат болуп шайлангам. Андан кийин коомдук иштерге активдүү катышканым үчүн эл «депутат бол» деп өзү шайлап чыгарышты.

Ал кезде кайын журтум менен чогуу жашачумун. Баары балдарымды багууда жардам беришип, иштегенге толук шарт түзүп беришкен. Ошондо эле үйдөгүлөр . «Буйруса окуган адамдардын заманы келет. Балдардын баарын жогорку билимдүү кылгыла» деп айтып, бизге шарт түзүп беришти. Биз жолдошум экөөбүз тең жумуштун алдыңкылары болуп, Германия, Болгария мамлекеттерине жолдомо алып, барып келдик.

2 жолу Ленинполь районунун депутаты болдум. Жолдошум кошо барып, жанымда жүрчү. Кудайга шүгүр 5 уул, 2 кыздуу болуп, «Баатыр эне» орденин алып, баарысын жогорку билимдүү кылып окуттук. Ар бири үй-бүлө күтүп, жакшы жашап жатат. 20 неберебиз бар.

Саанчы десе азыркыдай кол менен эмес, союз учурунда бардык шарттар каралган эле. Өтө таза жерде, атайын аппарат менен саап иштедик. Кайра ал аппараттарды таптаза дезинфекциялоочу каражаттар менен жуучубуз. Таң азандан туруп барып, аябай эмгек кылыптырбыз. Ошол эмгектин үзүрүн азыр дагы көрүп, быйыл «Бакай-Ата районунун ардактуу атуулу» наамын беришти», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE