Пример HTML-страницы

Сүрөт — Кадамжайдын Кайтпас айылында жаңы мектептин курулушу аяктады

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас айылында Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, республикалык бюджеттен 76 млн сом бөлүнүп, 275 орундуу мектеп курулган.

Учурда мектеп имаратынын ичи толугу менен бүткөрүлүп, сырткы жагында тосмолорду орнотуу иштери аткарылып жатат.

Жаңыдан бүткөрүлгөн мектеп ушул жылдын сентябрь айында окуучулар үчүн эшигин ачат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE