Пример HTML-страницы

Панфиловдо 26 мектепке 45 интерактивдүү панель берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushОкутуунун жаңы технологияларын колдонуу менен окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында Чүй облусунун Панфилов районунда 26 мектепке 45 интерактивдүү панель берилди. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

«Мындай шартта мугалимдердин окутуунун жаңы технологияларын колдонуу менен окуучулардын билим сапатын жогорулатууга шарт түзүлдү. Эми аны колдонуунун ыкмалары, усулдары билим берүү мекемелеринде жайылтылып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми К.Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк орто мектебинин 11-классынын окуучусу өзгөчө ысымдуу Эдельвейс Самаганова: «Биринчи жолу интерактивдүү панелди көргөндө эле кызыгуум артты. Эң алгач эжей Эльмира Орозалиева математикадан сабак өтө баштаганда берилүү менен кунт коюп карап отурдум. Сабагыбыз күндөгүдөн өзгөчөлөндү. Кыска убакытта көп маалымат алууга жетиштик. Жакында райондүн акими Бекмаат Масаидов бир топ жетекчилер менен келип, интерактивдүү панелдин билим берүүгө тийгизип жаткан таасири менен таанышты. Мен эми интерактивдүү панель иштөөнү жакшылап үйрөнүшүм керек.Себеби, келечекте архитектор болом», — деди.

45 интерактивдүү панелге 6 204 900 сом каржыланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE