Пример HTML-страницы

Панфилов районунда дарыгер менен мугалимге эки батир берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 20-февралда Чүй облусунун Панфилов районунда 2 кызматкер толук шарттары бар акысыз батирлүү болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондо билим берүү жана медицина тармагында кадр маселесин чечүү жана аларды акысыз турак жай менен камсыздоо иштери жүрүүдө.

«35 жаштамын. Үч баланын энесимин. 10 жылдан бери райондо үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда онколог-эндокринолог болуп эмгектенип келем. Кечээ, 20-февралда батирдин ачкычын бизге тапшырып жатышканда сүйүнүчтөн көзгө да жаш алдым окшойт. Учурда үй эмеректери, толук шарты бар акысыз кызматтык батирлүү болуп, үй- бүлөбүз менен кубанып турган чагыбыз», — деди дарыгер Махабат Раимбекова.

Ал эми 38 жаштагы жалгыз бой эне Нелла Ибраева: «Кесибим англис тили мугалими. Учурда райондук билим берүү бөлүмүнүн балдардын чыгармачылык билим берүү борборунда эмгектенип жатам. 6 жаштагы кызым Каухар менен 7 жаштагы уулум Баатырхандын сүйүнүчүн сөз менен айтып жеткире албай турам», — деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин да 2 мугалим батирлүү болушкан. Батирлер Кайыңды шаарындагы көп кабатуу үйлөрдүн биринен берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE