Пример HTML-страницы

Оштон 2 жигит көрсөтмө берип, иликтөө жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushМосквада каза болгон кыздын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 7-март күнү Ош ОИИБге Өзгөн районунун 1971-жылы туулган К.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал Москва шаарында жээни 1998-жылы туулган С. кызы С. белгисиз адамдардын колунан каза болгондугун билдирген. Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун 1998-жылы туулган Т.Э. жана 1998-жылы туулган З.уулу Н. аттуу тургундары кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, көрсөтмөлөрүн берип кетишкен. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Москвадагы кыргызстандык жаштардын отурушу өлүм менен аяктаганы белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, 2 кыз жана 2 жигит жолугушкан. Ошол окуядан кийин 26 жаштагы Садырбек кызы Самара аттуу кыз каза болгон. Анын өлүмүнө шектелген 2 жигит «Ош» эл аралык аэропортуна учуп келгенден кийин кечээ, 7-март күнү кечинде кармалган. Маркумдун денеси бүгүн, 8-март күнү жакындарына жеткирилген.

Маркум кыздын апасы Гүлжамал Кадыркулованын айтымында, алар үй-бүлөсү менен Москвада 10 жылдан бери иштеп жүрүшкөн. Кызы болсо сулуулук салонунда иштечү. Ал Кыргызстанга 4 жылдан бери келе элек болчу. Кызы тааныштары менен жолугушуп отургандан кийин өзүн жаман сезе баштаган. Ичкен суусундугуна бир нерсе кошуп беришкени айтылып жатат. Бирок ага жолуккан адамдар жардам бербей коюшкан. Дем алыш күнү кызына курбусу чалып, бир жерде тамактанып отурууну чечишкен. Анан 2 бала, ошол кыз болуп такси менен анын кызына келишкен. Андан ары төртөө караокеге барып, 4 сааттай отурушкан. Ошол жерде тамактанышкандан кийин кыз кыйнала баштаган. Берки кыз болсо аны үйүнө алып баргандан коркушуп, башка жакка алып кетишкенин айтып берген. Кызынын өлүмү боюнча чуркап жүрүшкөндө 2 бала Ошко качып келе беришкен.

«Эмнеге качышат? Күнөөсү болгон үчүн качышат да. Күнөөсү жок болсо «эже, кызыңыз минтип калды» деп мага алып келишпейби. Бул балдардын бир эле кылганы эмес экен. Башка бир бала мурда да ушундай кылышкан деп айтып берди. Биз арыз жаздык. Тез жардам келип кызымды алып кеткенден кийин эле ал балдар качышыптыр. Тез жардам келгенге чейин кызымды өлтүрүп алып, алып олтура беришиптир. Берки кыз «мен ыйлап чырылдадым» деп айтты. Тез жардамды ошол кыз чакырыптыр. Тез жардам келгенде эле бир баласы качып кетиптир. Экспертизанын жыйынтыгы 1 айда чыгат экен», — деген ал.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 8-мартта Өзгөн районуна караштуу Жылалды айыл өкмөтүнүн Келте айылында өттү.

Маркум кыздын апасынын жездеси Кубаныч Исмаилов Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кайрылып, күнөөлүүлөрдү жазага тартууга көмөктөшүүнү суранган

«Кылмыш Россияда болгон. Биз 2 күндөн бери ошол иштин артынан жүрөбүз. Бирок кылмыш болгон жерге ыкчам кызматкерлер барыш керек эле. Окуяны иликтеш керек эле. Болгону Россияда чуркап жүрүп, арыз гана жазышкан. Алардын ички иштер органдары тараптан эч кандай аракет болгон эмес. Анан балдарды кое беришкен. Балдар учуп келип, Оштон кармалышты. Эң өкүнүчтүү жери каргаша болгон жерде эч кандай аракет болгон эмес, ыкчам топ иштеген эмес. Биздин суранычыбыз, ушул кызматташтык менен боло турган ишти биздин элчилик катуу көзөмөлдөп, күнөөлүүлөрдү жазага тартып бериш керек. УКМК бар, башка бар, ал жакта өкүлчүлүктөр бар, баары жардам берип, күнөөлүүлөрдү жазага тартып беришин суранабыз», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE