Пример HTML-страницы

Оштогу окуучуларга трансформаторго жолобоо керектигин эскертишти

Акыркы жанылыктар

TurmushЖакынкы күндөрү мектеп окуучулары жайкы эс алууга чыгышат. Буга байланыштуу жаш жеткинчектердин коопсуздугу эске алынып, электрдик коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Ошэлектр» ААКтын маалыматы боюнча, райондук электр тармактарынын башкы инженерлери жана кызматкерлери тарабынан балдарга трансформаторлорго жана электр линияларынын жанына жолобоо, ошондой эле таш же башка буюмдарды электр жабдыктарына ыргытууга тыюу салынарын айтып, алардан алыс болууну усулдар менен көрсөтүп беришүүдө.

Түшүндүрүү иш-чаралары Баткен жана Ош облусунун бардык мектептеринде жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE