Пример HTML-страницы

Оштогу бүтүрүүчүлөргө көңүл ачууга тыюу салынганын эскертишти

Акыркы жанылыктар

TurmushАкыркы коӊгуроо салтанатына карата Ош облусунун аймагында көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунун аймагында акыркы коӊгуроо салтанатына карата Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жер-жерлердеги мектептерге барып, окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Бүтүрүүчү класстарды өз алдынча эс алууга, кафе-ресторандарда отуруп, көӊул ачуусуна жана кымбат баалуу унаалар менен жол кыймылына тоскоол болуп жүрүүсүнө тыюу салына турганы эскертилди. Жол тескөөчүлөр тарабынан ар бир мектеп көзөмөлгө алынат. Учурда кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ош облусунун аймагында 552 мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE