Пример HTML-страницы

Оштогу үйлөрдөн ири суммадагы акча жана алтын буюмдар уурдалган. 15 жаштагы өспүрүм кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында уурулукка шектелип өспүрүм жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Буура милиция бөлүмүнө 5 жаран арыз менен кайрылган. Шектүү — Ош шаарынын 2008-жылы туулган тургуну М.А. Ош шаарынын А.Масалиев, У.Салиева, И.Раззаков, Ош, Ж.Райымбеков көчөлөрүндөгү үйлөргө ээси жок учурда кирип, ар кандай ачкычтарды колдонуп, акча жана алтын буюмдарды уурдап жүргөн.

— 1-үйдөн 600 миң сом, 500 доллар;

— 2-үйдөн 600 доллар;

— 3-үйдөн 200 доллар, 300 миң сомдук алтын буюмдар;

— 4-үйдөн 22 миң сом;

— 5-үйдөн 10 миң сом уурдаган.

Бул факттар Ош ШИИБдин электрондук журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иш козголгон. Шектүү өспүрүм Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE