Пример HTML-страницы

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун 8 жолу соттолгон мүчөсү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жарандардын автоунааларын алдап алып, из жашырган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн Кара-Суу районунун 1980-жылы туулган тургуну Ч.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал бир нече жаранды алдап, убактылуу унаасын алып, аларды сатып, изин жашырып жүргөн. Мисалы, 2021-жылдын 15-ноябрь күнү Ош шаарынын тургунуна таандык «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны 220 000 сомго баалап алып, ошол боюнча изин жашырып кеткен. Ал эми 21-ноябрь күнү дагы бир жарандын «Нива-2121» үлгүсүндөгү унаасын ушундай эле жол менен алып, башка бирөөгө арзаныраак сатып жиберип, качып кеткен. Учурда бул жарандын үстүнөн 4 арыз түштү.

Шектүү Ч.А.га Кылмыш-жаза кодексинин кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү мурда 8 жолу соттолгондугу, өзү ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 2016-жылдан бери каттоодо тургандыгы маалым болду.

Шектүүдөн жаыбркагандар 03222-4-82-82, 0555-65-65-65 телефон номурлары аркылуу кайрылса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE