Пример HTML-страницы

Ошто туура эмес хиджама жасалган факты аныкталып, 20 салонго 5 миң сомдон айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-март күнү Ош шаардык кеңешинин XVII сессиясы өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри, шаардык кеңештин төрагасы, 37 депутат жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Күн тартибине 12 маселе коюлган.

Анда депутат Арстанбек Эркин уулу шаарда кылмыштуулук күчөп, айрым дүкөндөрдө уурулук фактысы аныкталып жатканын билдирди. Муну менен катар косметологиялык салондордо туура эмес хиджама жүрүп жатканын кошумчалады.

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысынын орун басары Өмүрзак Мырзалиев: — Косметологиялык салондор боюнча прокуратурага арыз түшүп, биз рейд иштерин жүргүздүк. Анын негизинде 45 косметологиялык салондордо туура эмес хиджама кылган факты аныкталып, аны тууралоо боюнча түшүндүрмө берилди. Жалпы 20 салонго 5 миң сомдон айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE