Пример HTML-страницы

Ошто балдар үйүндөгү кыз сабалганы тууралуу анонимдүү видео берилген. Окуяны прокуратура териштирүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы «Лотос» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн 5 жаштагы тарбиялануучусу сабалганы тууралуу маалымат тарады.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча жетекчиси Улугбек Абдулазимов Turmush басылмасына билдиргендей, аталган балдар үйүндө тарбияланган кыз кызматкер тарабынан сабалганы тууралуу анонимдүү видео келип түшкөн. Анда тарбиялануучу кыздын бети, моюну жана колдору тытылганын көрүүгө болот.

«Бул видео бир нече ай мурун тартылган экен. Анын негизинде биз 10-февралда Ош шаардык прокуратуранын кызматкерлери, психологдор, социалдык адистер менен биргеликте коммссия түзүп бардык. Биз барганда жетекчи Р.А. балдар ызылдаганда тынчтандыруу максатында кызды ийининен кармаганын айтты. Колунда ошол кезде маникюр болгонун ырастады. Кыздан дагы пикир алсак, өзү жыгылып калганын билдирди. Учурда алардын мамилеси жакшы экен. Психологдор да кыз менен сүйлөшүп, топтолгон материалдарды Ош шаардык прокуратурасына өткөрүп бердик. Негизи буга чейин аталган балдар үйүндөгү абал талапка жооп берчү эмес. Быйыл жашоо шарты бир кыйла жакшырды», — деди Абдулазимов.

«Лотос» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн жетекчиси айтымында, ал баарын өз мойнуна алат.

«Мен азыр ооруканадамын. Ошол кызды урду делген да менмин. Бардык күнөөнү өзүмө алып жатам. Анткени мен жетекчи катары да жоопкерчиликти мойнума алышым керек. Бүгүн ооруканадан үйгө чыгам, ошондо толук маалымат берем», — деди ал.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, «Лотос» балдар үйүнүн тарбиялануучусу боюнча эч ким арыз менен кайрылган эмес. Социалдык тармакка чыккан маалыматтардын негизинде электрондук журналга катталып, Сулайман-Тоо милиция бөлүмү иш алып барууда.

Ал эми Ош шаардык прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Канат Насиповдун айтымында, териштирүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чара көрүлөт.

«Биздин кызматкерлер Кыйноолордун алдын алуу борбору менен биргеликте текшерүү жүргүзүшкөн. Кечээ күнү Кыйноолордун алдын алуу борборунун Оштогу бөлүмүнөн дагы маалыматтар келип түштү. Ошонун негизинде текшерүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат», — деди Насипов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE