Пример HTML-страницы

Ошто айдоочулукту үйрөнүп жаткандарга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushАйдоочулукту үйрөнүп жаткан курсанттарга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

2023-жылдын 14-апрелинен баштап жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн инспекторлору тарабынан айдоочулук күбөлүк алууга келген курсанттарга сабактар өтүлүүдө.

Иш-чаранын максаты — жол эрежесин жогорку деңгээлде билген билимдүү айдоочуларды даярдоого жетишүү менен жол-унаа кырсыктарын алдын алуу.

Ош облустук ички иштер бөлүмү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмчөсүнүн жетекчиси Алтынбек Туркбаев жана лицензиялоо кызматкерлери тарабынан Ош шаары жана Ош облусунун аймагында жайгашкан транспорт ишин жөнгө салуу жана айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо менен алектенген билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан, айдоочулук күбөлүк алууга келген курсанттар арасында «Адам өмүрү эң кымбат» аталышындагы бир сааттык сабактар өтүлүп жатат.

Бул багыттагы иш-чаралар күнүмдүк тартипте дайыма өткөрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE