Пример HTML-страницы

ОшМПУнун мугалимдери менен студенттери Татарстандагы археологиялык экспедицияга катышууда

Акыркы жанылыктар

TurmushОш мамлекеттик педагогикалык университетинин тарых кафедрасынын окутуучулары жана студенттери атайын илимий иш сапар менен Россия Федерациясынын Татарстан Республикасында болуп, тарыхый шаарларды изилдөө боюнча казуу иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган тарыхый изилдөөдө Татарстан Республикасынын Алексеев районунун Билярск айылында Биляр тарыхый шаарынын калдыктарын изилдөөчү археологиялык экспедиция жүрүүдө. Бул экспедицияны КФУнун Елабуга институтунун тарых жана филология бөлүмүнүн жалпы тарых жана Ата Мекен тарых кафедрасынын доценти Нигамаев Альберт Зуфарович жетектеп жатат.

Археологиялык экспедицияга Казань университетинин, Елабуга институтунун тарыхчылары жана ОшМПУнун тарых кафедрасынын башчысы, доцент Осмонов Самарбек Жумабекович, окутуучу-магистр Казакбаев Канатбек Кенешович жана тарых адистигинде окуган Медербеков Кайратбек, Шерикбек кызы Жанара, Советбек кызы Буниса жана Минбаева Нуриза катышып, өз билимдерин өстүрүү менен мыкты тажрыйба топтоодо.

Оштон барган делегациянын иш сапары 24-июндан 7-июлга чейин пландалып, ал Казань федералдык университети менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин билим берүү жаатындагы келишимдерине ылайык ишке ашууда. Өкүлдөр алгач аймактагы тарыхый жерлер, музейлер менен таанышып чыгышса, учурда жергиликтүү изилдөөчүлөр менен бирге казуу иштерин жүргүзүшүүдө.

«Казылып жаткан аймактын аянты 144 чарчы метрди түзөт. Изилденип жаткан аймакта араб саякатчысы Ибн Фадлендин маалыматына караганда, булгар падышасы Алмуштун мезгилинде 922-жылы Биляр шаары негизделген. Бул шаар X кылымда Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштырган соода борбору катары кызмат кылган. Шаардын жалпы аянты 700 га ээлеп, жүз минге жакын калкы болгон. 1236-жылы монголдордун кол салуусунун натыйжасында шаар талкаланып, өрттөлгөн.

Азыркы күндө Биляр мамлекеттик тарыхый-археологиялык жана табигый музей коругу аттуу музейинде Биляр шаарчасынан табылган археологиялык табылгалар, экспонаттар сакталууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE