Пример HTML-страницы

Ош шаарынын борборунда казиного каршы болгондор митингге чогулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 24-июнда Ош шаарындагы борбордук аянтта казиного каршы митинг болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Чогулгандар эмне үчүн казиного каршы чыгып жатышканын түшүндүрүштү.

«Бул жерге Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган эл чогулдук. Биз баарыбыз казиного каршыбыз, анткени мунун аягы жакшы болбойт. Анан Кыргызстандын жарандарына уруксат берилбейт деп жатышат. Өзүбүзгө каалабаган жамандыкты эмнеге коңшу мамлекеттерге каалашыбыз керек? Алардын да үй-бүлө, ата-энеси бар. Анан башка өлкөнүн жарандыгын алып, ойной бериши мүмкүн. Онлайн казино өтө кооптуулук жаратат. Акырына чейин казиного каршы күрөшүүнү улантабыз», — деди чогулгандардын бири Алманбет Абылкасым уулу.

Бул мыйзам ишке ашса, көп үй-бүлө жабыр тартып калышы мүмкүн экендигин эске алып, президенке кайрылып, мыйзамды кабыл албоону суранышты.

22-июнда Жогорку Кеңеш Кыргызстанда чет элдиктер үчүн кумар оюндарын ойноого уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE