Пример HTML-страницы

Ош шаарынын аталышы кайдан чыккан?

Акыркы жанылыктар

Turmush

Ош шаарынын аталышы жөнүндө да көптөгөн айтымдар, уламыштар бар. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы «Ош тарых барактарында» аттуу китептен Ош шаары жөнүндөгү маалыматтарды алды.

Китептеги маалыматка караганда, айрымдар өткөн убакта Ошто жана анын түштүгүндө сактар уруусуна караштуу уш деген малчылар жашаган деп десе, кээ бирлери «шаарынын аталышын байыркы кыргыз элинин уз деген уруулары менен байланышат». Үчүнчүсү дарыянын жээги жашыл болгондуктан, малдын баары тосууга жол бербей, суу бойлоп качканда аны айдаган малчылардын кайрадан эки эселеп чыккан үндөрү да Ош болгонун белгилейт. Демек кечке жаңырып турган «ош» деген сөздө н улам азыркы Оштун аты аталып калышы мүмкүн» дейт.

«Ош путеводитель» китебинин авторлору М.Кварцов менен М.Сулина байыркы убакыттарда бул жерлерде сак урууларынын уйчулары жашагандыгы, алардын ош деп аталган уруулары да болгондугу, малчылардын уйду «өш», «уш», «ош» деп атагандыгы жөнүндөгү маалыматты Бабурдун «Бабур намесинде» да кезиктергиндигин келтиришкен (17-бет).

Жазма түрүндөгү алгачкы эскерүүлөр XI кылымдагы кол жазмалардан кезигет. Араб саякатчылары Абу Исхак Истахри жана Абу Абдаллах Мухамед Мукадастардын эскерүүлөрүндө X кылымда Фергана өрөөнүндө Ош үчүнчү чоңдуктагы шаар болуп, Саманиддердин мамлекетинин борбору болгондугу айтылган. Шаар өтө кооз, ыңгайлуу жерден орун алган. Шаар дубал менен курчалган жана анын 3 дарбазасы болгон. Персче «Дарвоза-йа-Куx» (ворота горам), «Дарвоза-йа-Аб» (ворота воды»), жана Мукана «отко сыйынуучулардын храмынын эшиги».

Уламыштардын биринде Сулайман пайгамбар өзүнүн аскерлеринин эң алдында соко чиркелген 2 өгүздү алдыга айдап келген болот. Ал өгүздөр Сулайман-Тоосуна жеткенде Сулайман «кош» (болду, жетишет) деп айтат. Дал ушул айтылгандардын негизинде шаар аталып калат. (К. Ташбаев. «Ош деп кантип аталып калган?»).

Оштун аты «Манас» эпосунда да кездешип, ал малчы Ошпурдун аты менен байланаштырылат. Ошпурду Манас албууттанган дарыяны Ак-Буура деп, буурадай чөгүп жаткан тоону Бура-Тоо деп, Ошпур жердеген шаарды:

«Батыш жагы тоо экен.

Чыгыш жагы суу экен.

Эки жагын өмөлөп.

Тосуп койсо чеп экен» деп Ошпурдун шаарына суктанганын келтирет.

Ал эми кайсы бир уламышта уйлардын пири Заңги баба катуу уктап калат. Уйлар жайылып Фергана, Андижандан өтүп Ошко келгенде Ташкенттин жанынан чочуп ойгонгон Занги баба «Хуш!», «Хуш!» деп кыйкырган экен, «Кайтпасак болбойт, пирибиздин каарына калабыз» деп уйлар кайткан экен.

  • Белгилүү болгондой дүйнөдө 2 Ош шаары бар. Биринчиси Кыргызстандын Ош шаары болсо, экинчиси Франциянын түштүк-батышындагы Гасконь провинциясындагы алда канча жаш жана чаканыраак Ош шаары. Ал Тулуза шаарына жакын жайгашкан. Ошентип биздин байыркы Ош шаары жөнүндөгү маалыматтарды жазма түрүндөгү эскерүүлөрдө IX-X кылымдардагы араб жана перс жазмаларынан кезиктирүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE