Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы жеткинчектер аптаптуу ысыктан кантип коргонуп жатат?

Акыркы жанылыктар

Turmush2023-жылдын июль айы адамзаттын тарыхындагы эң ысык ай болду. Бул тууралуу Германиянын Лейпциг шаарындагы илимпоздор айтышты.

Илимпоздор 2024-жылы мындан да ысык болорун эскертишти. Буга чейинки рекорд 2019-жылы июль айында катталган. Анда орточо глобалдык температура азыркыдан 0,2°C төмөн болчу.

Ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында шаарында абанын температурасы +39 градуска чейин жетип жатат.

Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, эртең, 1-августта абанын температурасы Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39 градус болот.

Ош шаарынын тургуну Зарина Маматжанова Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы гүлбакчага курулган оргумага жаш балдар түшүп жатканын сүрөткө тартып, социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Ал оргумадагы сууга түшүү кооптуу экенин айтат.

Социалдык тармактын колдонуучулары оргума электр энергиясы менен иштей турганын айтып, кооптуу экенин жазышты. Алардын айтымында, айрым ата-энелер оргумадагы сууга түшүүгө болбой турганына карабай, балдарын түшүрүп жатат.

Ош шаардык мэриясынын басма кызматы оргуманы бассейн катары көргөн жашоочулар бар экенин билдирди. Алар коопсуздук үчүн ата-энелерди балдарды оргумадагы сууга түшүрбөөгө чакырды.

Ошондой эле Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына түшүп, ысыктан коргонуп жаткан жаш балдар да бар.

Ош ШИИБ балдарга кооптуу жерде сууга түшпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE