Пример HTML-страницы

Ош шаарында жаш жигиттер унаа тетиктерин уурдоого шектелип кармалды. Алардын бири өспүрүм

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында уурулукка шектелип жаш балдар кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына март айында эки арыз келип түшкөн. Анда арыздануучулар үйлөрүнүн короосуна токтотуп койгон автоунааларынын катализаторун белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдиришкен.

Бул факт Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) белгилери менен катталып, бул окуяга тиешеси бар адамдардын үстүнөн атайын издөө иш-чаралары уюштурулган. Анын натыйжасында Ош облусунун 2005-жылы туулган Х.Ш. жана Жалал-Абад облусунун 2001-жылы туулган тургуну К.К. шектүү катары кармалышкан.

Тергөөнүн алгачкы жүрүшүндө 2001-жылы туулган К.К. Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми шериги — 2005-жылы туулган Х.Ш.нын жаш курагы эске алынып, үй камагына бошотулду.

Бүгүнкү күндө шектүүлөрдүн үстүнөн тергөө иштери уланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE