Пример HTML-страницы

Ош шаарында турак үйдөн чыккан өрт 3 саатта өчүрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын Х.Абдуллаева көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 23:53тө толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттүн жалпы аянты 110 чарчы метрди түзүп, жыгач устунду шифер менен жабылган турак үйдүн чатыры жана 3 бөлмөсү толугу менен күйгөн.

Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө саат 21:00дөн тарта Ош шаардык ӨКБдан жалпы 3 бөлүм тартылып, саат 21:23тө чектөөгө алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE