Пример HTML-страницы

Ош шаарында самбо боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын жеңүүчүлөрүн тосуп алышты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы эл аралык аэропорттон самбо боюнча дүйнөлүк чемпионаттын күмүш медалынын жеңүүчүлөрү Нурмухаммед Муратов менен Акмаржан Турдажиеваны салтанаттуу тосуп алышты.

Ага шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана спортчулардын жакындары катышты.

Шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү Н.Муратовго ак калпак, чепкен кийгизишти. Жаш спортчулардын машыктыруучусу – Ош шаарындагы «Эрем» спорт клубунун башкы машыктыруучусу Илимбек Аттокуров салтанаттуу жыйын үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 14-октябрдан 16-октябрга чейин Армениянын борбору Ереван шаарында самбо боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты өткөн. Мелдешке 23 өлкөнүн спортчулары катышты: Армения, Болгария, Германия, Греция, Грузия, Израиль, Исландия, Италия, Казакстан, Кипр, Кыргызстан, Колумбия, Корея, Латвия, Молдова, Монголия, Румыния, Сербия, АКШ, Тажикстан, Өзбекстан.

Турнирдин алкагында кадеттер (2006-2008-жылдары туулгандар), уландар жана кыздар (2004-2006-жылдары туулгандар), өспүрүмдөр (2002-2004-жылдары туулгандар) арасында мелдеш өттү. Спорттук самбо боюнча мелдеште кадеттер тогуз салмакта, уландар менен кыздар сегиз, өспүрүмдөр жети салмакта күч сынашты.

Нурмухаммед Муратов кадеттер арасында 71 кг салмакта күмүш медаль тагынды. Ал Латвиянын, Грециянын спортчуларын жеңип, финалда Россиянын спортчусуна утулуп калды.

Акмаржан Турдажиева +72 кг салмакта күч сынашып, турнирде Беларусь, Монголиядан келген спортчуларды жеңип, финалда Россиядан келген спортчуга утулуп калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE