Пример HTML-страницы

Ош шаарында 12 адамдын арызынан кийин чет өлкөлүк аял кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында ири алдамчылыкка шектелген чет өлкөлүк аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 7-декабрында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу районунун 1968-жылы туулган А.О. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын ноябрь айынын башында сырттан тааныш болгон Гуля аттуу аял анын ишеничине кирип, зер буюмдарын алдап алып кетип, акчасын бербей койгондугун билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары коңшу өлкөнүн 1988-жылы туулган К.Г. аттуу жараны кармалып, камакка алынды.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн үстүнөн ушундай эле мазмундагы 12 арыз түштү. Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 2 млн 150 миң сомду сомду түзгөн.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE