Turmush — Бүгүн, 31-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык концерттик программалар шаар тургундарына тартууланууда.
Концерттик программалар кечки саат 21:00гө чейин уланат. Борбордук аянтта 2000-3000гө чукул шаар тургундары бар.
Ош шаарында өтө турган жаңы жылдык иш-чаралардын программасы.
— 12:00-13:00гө чейин С.Бекмуратов атындагы №1 балдар музыкалык мектеби;
— 13:00-14:00гө чейин П.И.Чайковский атындагы №2 искусство мектеби;
— 14:00-15:00гө чейин «Келечек» балдар чыгармачылык борбору;
— 15:00-16:00гө чейин Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мугалимдери;
— 16:00-17:00гө чейин Ныязалы Борошев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайы;
— 17:00-18:00гө чейин Ош мамлекеттик университетинин искусство факультети;
— 18:00-19:00гө чейин Ош мамлекеттик педагогикалык университети;
— 19:00-20:00гө чейин Ош шаардык маданият башкармалыгы;
— 20:00-20:00гө чейин Ош шаарынын мэри Б.Ж.Жетигеновдун жаңы жылдык куттуктоо сөзү;
— 20:05-20:10гө чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З.И.Жамалдиновдун жаңы жылдык куттуктоо сөзү;
— 20:10-20:15гө чейин Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.С.Назылбековдун жаңы жылдык куттуктоо сөзү;
— 20:15-20:20гө чейин салют атылат;
— 20:20-22:00 — «Жаңы жыл 2023» концерттик программасы жыйынтыкталат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.