Пример HTML-страницы

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 5 кабаттуу жаңы имараты ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш мамлекеттик педагогикалык университетинин заманбап үлгүдөгү жаңы имаратынын ачылыш аземи өтүп, кызыл тасмасы кесилди.

Салтанаттуу аземге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев баштаган бийлик өкүлдөрү жана университеттин профессордук-окутуучулар жамааты катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө алгач куттуктоо сөздөрү сүйлөнүп, өлкөнүн билим берүү тармагын алга сүрөө менен анын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан ОшМПУнун жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылыктар айтылып, жаңы окуу корпусунун курулушунда жигердүү эмгек көрсөткөн тийиштүү адистер ардак грамота менен сыйланышты.

Аны улай жетекчилер имараттын кызыл тасмасын кесишип, корпустун жалпы материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып, окуу кааналарына экскурсия жасашты. Ар бир кааналарда интерактивдүү панелдер менен сабактар өтүлүп, студенттердин эмгектеринен көргөзмөлөр коюлуп, окуу жайдын жамааты бул күндү өзгөчө маанайда белгилешти.

2021-жылдын декабрь айында Ош мамлекеттик педагогикалык университети 5 кабаттуу заманбап үлгүдөгү имарат курууну баштаган. Имараттын жалпы аянты 36*21 м2 түзсө, студенттер үчүн колдонула турган ички аянты 3600 м2 түзөт. Корпус өзүнө лекциялык кааналарды, кеңешме зал, китепкана, актовый зал, ашкана, аудиторияларды камтыйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE