Пример HTML-страницы

Орустардын айылына келин болгон Д.Эркинбаева

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын 43 жаштагы туругуну Динара Эркинбаева. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Түп районунда төрөлүп-өскөм. Кесибим боюнча мугалиммин. 1998-жылы Каракол шаарындагы Ильяз Бийбосунов атындагы педагогикалык окуу жайын аяктагам. Бир жылдан соң Михайловка айылындагы жигитке турмушка чыккам. Жолдошум Жумалы Токтосунов менен Бишкек шаарында таанышып калгам. Ошол учурда «Мен азыр турмушка чыкпайм, окуумду улантам» дегениме болбой, турмуш жолуна аттанууга түздөн-түз түрткү болгон. Ошентип чогуу түтүн булатып келе жатканыбызга быйыл 23 жылдын жүзү болду. Ушул убакыт аралыгында турмуштун оор-жеңилин, ысык-суугун бирге көтөрүп, үч баланы тарбиялап келе жатабыз. Жолдошум тууралуу айтсам, ал талапты өтө катуу койгон, айтканынан кайтпаган, ошол эле учурда балдарын өтө жакшы көргөн боорукер ата, сүйүктүү жар, ата-энеге жароокер уул», — деди ал.

Каарманыбыз жаңы келин болуп келгендеги кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Жолдошум: «Биздин айылда чөөлөр бар. Короого чейин келип, кишини кытыгылап өлтүрөт» деп коркута берчү. Күндөрдүн биринде кечке маал эшикке чыксам, башы аппак узун, өзү кара бир нерсе мени көздөй келе жатат. «Баягы чөө деген ушул экен да» деп, калчыдап коркуп ыйлап жүрөм. Көрсө ал чөө эмес эле, короодогу итибиз бошонуп алган экен. Мени үнүмдү уккан соң, мен жакка карай келе жатыптыр. Менин кыйкырыгымды уккан жолдошум чочуп кетип, жаныма учуп келе калыптыр. Эмне болуп жаткандыгын билгенден кийин жанагы чочуп турган адам токтоно албай күлүп жатты. Мен бир ызаланам. Ошол окуяны бүгүнкү күнгө чейин эстеп күлөбүз.

Жаңы үйлөнгөндө, жолдошум көп тамашага салып жүрдү. Михайловкада орустар көп жашайт. Жолдошум экөөбүз жолдо кетип баратсак алдыбыздан ким чыкса, «Бул бизге тууган болот» деп элдин баарына жүгүнттүрө берчү. Алардын арасында улуулар да, жаштар да, орустар да бар болчу. «Биякта орустарга да жүгүнөт» деп, аларга да жүгүнттүрө берер эле. Орустар да биздин арабызда жашап, кыргыз салтын билгендиктен «Спасибо дочка» деп күлүп өтүп кетишчү. Анан акырындык менен элди таанып, кичүүлөр менен орустарга жүгүнбөй калдым. Бирок азыр бардык айылдын улууларына бүгүнкү күнгө чейин жүгүнөм», — деди ал.

Д.Эркинбаева балдары жөнүндө кененирээк айтып берди.

«Улуу балабыз Изатбек 2001-жылы төрөлгөн. Учурда Бишкек шаарында Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн аскер институтунун 3-курсунда окуйт. Келечекте мекенге, эли-жерине кызмат кылган уулдардын катарын толуктайт деп үмүттөнөбүз. Андан кийин Саамай жана Айназик аттуу 2 кызыбыз бар. Учурда бири 11-классты, экинчиси 7-классты аяктап жатат. Балдарыбыздын келечеги кең болуп, көптөгөн ийгиликтерди багынтарына ишеничтебиз. Ошол эле учурда биз атасы экөөбүз колубуздан келишинче колдоо көрсөтүп турабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE