Пример HTML-страницы

Нургазы Асылбеков Бакай-Ата районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

Turmush39 жаштагы Нургазы Асылбеков 16-май күнү Бакай-Ата районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы боюнча буйрукка Бакай-Ата районунун акими Алгымбай Имаров кол койду. Нургазы Асылбеков буга чейин мамлекеттик кызматка кабыл алуу боюнча сынактан эң жогорку көрсөткүчтү көрсөткөн.

Нургазы Асылбеков буга чейин «Талас Стандарт» ЖЧКнын директору болуп иштеген. Бир нече жолу айылдык кеңештин депутаты болгон. Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген. Кесиби боюнча юрист жана ветеринар дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE