Пример HTML-страницы

Ноокаттагы тургун айыл өкмөттөгү коррупция боюнча башкы прокурорго даттанды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-сентябрда Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары менен башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жолугушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н.Исанов айыл өкмөтүнүн тургуну айыл өкмөт башчы иш ордуна болбой жатканын айтып даттанды. Ошондой эле ал коррупция боюнча маселе көтөрдү.

Анын айтымында, бардык инстанцияларга — Башкы прокуратурага, президентке, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновго кайрылышкан. Ош облустук прокуратурасынан Жаныбек Примов аттуу тергөөчү келген.

«Ал бизди басканга аракет кылды, 4 жыл иштеп, бизди чакырбай койду. Акыйкат тергөө жүргүзүп бериңиз. Анан кадр алмашуу боюнча, жергиликтүү болбойт экен. Себеби жергиликтүү болсо, өзүнүн тууганы, досу, бөлөсү, таанышы болот экен», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE