Пример HTML-страницы

Ноокаттагы Абшыр-Ата шаркыратмасынын айланасында эми соода кылышпайт

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Абшыр-Ата шаркыратмасынын айланасында соода иштери менен алектендер болбойт.

2022-жылы Ноокат райондук администрациясынын башчысы тарабынан Абшыр-Ата эс алуу жайын соода түйүндөрүнөн тазалоо боюнча тапшырма берилген. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Аманилла Абдылдаевдин маалыматы боюнча, быйыл шаркыратманын айланасында соодагерлер болбойт.

«Абшыр-Атага бараткан жолдун 3-4 чакырымына асфальт төшөлгөн. Бирок дагы 4 чакырымына асфальт төшөө керек. Ошондой эле соодагерлер үчүн шаркыратмадан ылдый жактан орун каралып, быйыл ошол жерде соода кылышат. Ал эми шаркыратманы карап отурууга шарттар каралган долбоор бар, бирок ал азырынча ишке аша элек», — дейт айыл өкмөт башчы.

——————————————————-

Буга чейин Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө жайгашкан Абшыр-Ата шаркыратмасынын аймагын иретке келтирүү тапшырмасы берилген.

Облус жетекчилиги тарабынан Абшыр-Ата шаркыратмасынын айланасында баш аламан жайгашкан соода күркөлөрдү, дааратканаларды, тосмолорду сүрдүрүп, туристтерге жана конокторду тосууга шарт түзүүнү тапшырылган.

«Абшыр-Атанын айланасын иретке келтирүү, күркөлөрдү бузуп иреттөө, туристтерге шарт түзүү тапшырмасы айыл өкмөткө милдеттендирилди. Ал эми Абшыр-Ата шаркыратмасына баруучу жолдун 1 чакырымы быйыл республикалык бюджеттин эсебинен оңдолот. Калган 2 чакырымы сүрдүрүлүп, тегизделет. Күркөлөрдү иштеткен жеке ишкерге да тапшырма берилди», — деген Ноокат район акиминин биринчи орун басары Мамажунус Абилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE