Пример HTML-страницы

Ноокатта жансыз денеси суунун жээгинен табылган адам ким экени аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунда жансыз денеси суунун жээгинен табылган адамдын өздүгү аныкталды. Бул маалыматты Ош облустук сот-медициналык эксперттөө бюросунун танатология бөлүмүнүн башчысы Арап Кожобаев тастыктады.

Анын айтымында, маркум — 1978-жылы Ноокат районунун Он-Эки-Бел айылында туулган Б.Н.

«Бүгүн, 6-сентябрда жакындары табылып, сөөгүн алып кетишти. Сырттан кароо жүргүзгөндө анын денесинде киши колдуу болуп өлгөн белгилер байкалган жок», — деди Кожобаев.

ОИИБдин маалыматы боюнча, 3-сентябрда саат 19:59 чамасында Ноокат РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Анда Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагынын Капка жайлоосунда жайгашкан суунун боюнан эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы айтылган. Аталган маалымат Ноокат РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда өздүгү такталбаган азиат түспөлүндөгү болжол менен 30-35 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, өздүгүн аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE