Пример HTML-страницы

Нарындан Ошко келген жигит жашоочулардын чөнтөгүнө кол салгандан кийин борборго качып кеткен

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен 1999-жылы туулган Б.Ж. колго түштү. Ал Ош шаарынын аймагында коомдук жайларда жарандардын чөнтөгүнөн акчаларын, уюлдук телефондорун уурдап жүргөндүгү аныкталып, издөө жарыяланган.

«Ал Нарын шаарынан Ош шаарына келип, чөнтөкчүлүк менен алектенип жүргөн. Бул жарандын үстүнөн 6 арыз түшкөн. Жарандарга келтирилген чыгым 130 миӊ сомду түздү. Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды», — деп айтылат маалыматта.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE