Пример HTML-страницы

Нарындагы тургун 20 тоогун өлтүргөн жырткычты кармап алып, эмне кылганын айтып берди (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын районундагы фермага сүлөөсүн кол салды. Бул тууралуу Кочкор районунун Кара-Мойнок айылынын тургундары билдиришти.

«Түндө жырткыч тоокканага кирип, 20 тоокту жок кылган. Бир тоок жеп качып кетсе бир жөн. Эми, жырткыч келтирген зыяндын ордун ким толтурат?» — дешти алар.

Айыл тургундары сүлөөсүндү тоокторго кол салып жаткан жеринен кармашкан. Бирок зыянга карабастан, өз ара кеңешип, жырткычты эркиндикке коё беришкен.

«Сүлөөсүн 1986-жылдан баштап атууга тыюу салынып, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Ага мыйзамсыз аңчылык кылган жаныбарлардын айып пулу 50 миң сомду түзөт. Ошол эле учурда сүлөөсүн жигердүү жырткыч, коёндор, майда кемирүүчүлөр, кекликтер жана эликтер менен азыктанат.

Үй жаныбарларына жана канаттууларга да кол салат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сүлөөсүндүн көбөйүшү байкалып, ушуга байланыштуу ал элге да, аңчылык чарбасына да зыян келтире баштады», — деп белгиледи эколог Александр Сосновский.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE