Пример HTML-страницы

Нарын жана Ысык-Көлдөгү айыл өкмөт башчылары тажрыйба алмашышты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын жана Кочкор районунун айыл өкмөт башчылары Ысык-Көл районунун муниципалитеттери менен тажрыйба алмашышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу» долбоорунун жана ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү катышты.

Алгач Ысык-Көл районундагы айыл өкмөттөрдө жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында ишке ашкан, мыкты долбоорлор тууралуу презентациялар көрсөтүлдү. Нарын облусунан келген айыл өкмөт башчылар менен ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлор тууралуу суроо-жооптор иретинде эркин форматта пикир алышуу болду.

Андан соң аткарылган долбоорлорду практика жүзүндө жеринен көрүшүп, тажрыйба алмашышты. Мисалга алсак, муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында Бостери, Кум-Бел, Темир айыл аймактарында катуу турмуш тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгаруу кызматын кантип биргелешип уюштурушканын, муниципалдык ишкананы кантип түзүшкөнүн, техникалык базасы, тарифтери, кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу айтып беришти. «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу» долбоорунан таштанды чыгаруучу техника (мусоровоз) утуп алышкан. Учурда муниципалдык ишкана 3 айыл өкмөттүн таштандыларын чыгарып, кызмат көрсөтүп келет.

Ошондой эле Кумбел айыл аймагындагы Сураналы Жоломанов жаңы конушунун тургундарын таза суу менен камсыздоо үчүн долбоор жазышып, «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу» долбоорунан 5 000 000 сом каражат утуп алышкан. Жана ага кошумча айыл өкмөттүн бюджетинен каражат бөлүнүп, жалпы 6 миллион сомго долбоор ишке ашкан. Таза суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу аркылуу жаңы конуштун тургундарынын экономикалык-социалдык абалынын жакшырышына өбөлгө болгон. Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Нарындан тажрыйба алмашууга келген айыл өкмөт башчыларга кайсыл критерийлер менен кызматтарды жакшыртуунун аракеттер планын жазыш керек, долбоорду ишке ашыруунун жолдору тууралуу кеңири айтып берди.

Ал эми Кара-Ой айыл аймагында «Айыл Келечеги» бала бакчасына саркынды сууларды тазалоо долбоорун ишке ашырышкан. Саркынды сууларды тазалоочу жай жергиликтүү талаптарды эске алып, атайын стандартка ылайык технологиялык жабдуулар менен курулган. Келечекте кошумча тазалоо үчүн тазаланган сууну суу сактагычка же шаардык канализацияга агызууга болот. Ошондой эле сууну кайра иштетип, ар кандай ишканалардын техникалык муктаждыктары үчүн кайра колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы аталган долбоор «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртууну» алкагында ишке ашканын баса белгилеп, долбоор жазуу, ишке ашыруу жолдору тууралуу кеңири маалымат берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE