Пример HTML-страницы

Нарын шаарында антисептик сайылып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн келин үйүнө чыгарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө хлоргексидин сайылып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн бейтап үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу НОБОнун жетекчиси Чыңгыз Нарынбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган келин 4 күн мурун үйүнө чыгып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Ал эми төрөт бөлүмүнүн мурунку башчысы ошол эле бөлүмдө катардагы кызматкер болуп иштеп жатат.

Буга чейин төрөт үйүндө медициналык кызматкерлер 1995-жылы туулган Мирай Жакыповага (кош бойлуу) хлоргексидин сайышканы, ал 2 суткадан бери жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы кабарланган.

Хлоргексидин — сырткы колдонууга арналган антисептик жана дезинфекциялоочу каражат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE