Пример HTML-страницы

Нарын шаарында антисептик сайылган келиндин кайын атасы кайра арызданды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө хлоргексидин сайылып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн келиндин кайын атасы Кулчун Рахманов​ укук коргоо органдарына кайра арыз жазганын билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын башында, тактап айтканда 2022-жылдын 23-март күнү төрөткө барган кош бойлуу келинине антисептик, хлорогексидинди жаңылыш түрдө венасына сайып алышкан. Натыйжада 1995-жылы туулган Мирай Жакыпова эсине келбей, операция менен төрөгөн. Кийинчерээк Кулчун Рахманов​ бала менен кошо келиндин жатыны дагы алынганын уккан. Мындан улам ал кайра арыз жазууга мажбур болгон.

«Өзүңүздөр билгендей, менин келиним Мирай Жакыпова төрөтканага барганда антисептик сайып алышкан. Өзүн жоготкон маалда дарыгерлер операция жолу менен баланы алып, аны менен кошо жатынды алып салышкан экен. Биз жатынды алып салганын билген эмеспиз. 14 күн жатты. Негизи мыйзам боюнча жакындарынын уруксаты жок андай жолго барганга укугу жок экен. Кийин санаа тынбай, Бишкекке алып барганда гана жатыны алынганы билинди. Ал түгүл алар бул тууралуу оорунун тарых баракчасына да жазышкан эмес экен. Биз башкы дарыгер менен жолугушуу болгон маалда да айтышкан эмес. Мен эми кайрадан арыз жазганда гана эсине келип жатышат. Буга чейин тынч эле болуп калган. Мен келинимдин бир мүчөсүн алып, жарым жан кылып салганына жаным кейип турат. Балам бул боюнча уулум уга элек. Эми кылмыш кылгандар, келинимди ушул абалга алып келгендер жазага тартылышы керек», — деди Рахманов.

Нарын облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кош бойлуу келинге антисептик сайып алган медайым жумуштан кеткен. Бирок соттун чечими менен кайрадан ишке чыккан.

«Негизи бул иш бизге толугу менен келе элек. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми ошол учурда ката кетирген медайым эмгек өргүү алып, андан ары жумуштан кетерин айткан. Бирок Эмгек кодексте андай көрүнүш жок экенин эске алып, соттон ал утуп алган», — дейт Б.Белеков.

Ал эми Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгери Чыңгыз Нарынбеков окуяга тиешеси бар кызматкерлердин баары жазасын алганын белгиледи.

«Төрөт бөлүмдүн башчысы Барчын Темирова өзүнүн ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, азыр катардагы дарыгер болуп иштеп жатат. Ал эми ошол антисептикти кокустан сайып алган медайымдын ишин сотко берип, биз тарапка чечилди. Ал иштен кеткен. Ал эми келин азыр үйүндө абалы жакшы», — деди Нарынбеков.

Жабырлануучунун жакындары ак халатчандардын шалаакылыгынан эне болуу бактысынан ажыраган Мирай Жакыпова азыр деле стрессте жүргөнүн билдиришти.

2022-жылы 22-мартта 1995-жылы туулган Мирай Жакыпова төрөт бөлүмүнө көз жаруу үчүн келген. Ага хлоргексидин сайылып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Окуя тууралуу келиндин жакындары Turmush басылмасына сүйлөп беришкен.

Андан кийин эки кызматкер — эмчи айым менен анестезиолог өз каалоосу менен арыз жазып, жумуштан кетишкен. Бирок анестезиолог Нарын шаардык сотунун чечими менен кайра жумушка чыккан.

  • Хлоргексидин — сырткы колдонууга арналган антисептик жана дезинфекциялоочу каражат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE