Пример HTML-страницы

Москва районунда тоют чөптүн бир таңгагы 220-230 сомдон сатылууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 29-май күнкү базарда Чүй облусунун Москва районунда тоют чөптүн бир таңгагы 220-230 сомдон сатылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ар бир айдын жекшемби күнү райондун борбору Беловодск айылында мал базар өтүп, ал жайда тоют жана жайма базар да жайгашкан. Өткөн жумаларга караганда бүгүн тоют сатылуучу жайда унаалардын жана кардарлардын саны арбын. Айрым жергиликтүү тургундар кышка даярдык көрүп жатышса, кээ бирөөлөрү колдо (үй чарбасында) эт багытында багылуучу малга беде сатып алышууда. Албетте сатылып жаткан беде чөбүнүн биринчи оруму. Эми акырындык менен тоюттун баасы көтөрүлүүсү мүмкүн.

Ал эми кардарлардын дагы бири өткөн 2021-жылдагы кыш мезгилин эске салып, анда жазга чейин тоют 450 сомдон сатылганын айтты.

Райондун 12 айыл аймагында 100 миңге жакын көп улуттуу калк жашайт. Жашоочулардын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE