Пример HTML-страницы

Мергенчилер Тоңдун тоолорундагы жырткычтарды өзгөчө ыкма менен өлтүрүштү (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районунун тоолорунан мергенчи-спортчу Айдар Окенов эки карышкырды атып өлтүрдү.

Ал Кыргызстанда боз жырткычтарга вабанын (карышкырдын улугу) жардамы менен аңчылык кылган саналуу мергенчи-снайперлердин бири.

Ваба — бул карышкырлардын улугун туурай алган өзгөчө аспап. Вабанын жардамы менен карышкырлардын үнүн тууроо үчүн көп айлап машыгышат.

«Алыстан карышкырлар бир туугандарынын үнүн угуп, эмне болуп жатканын, аларды ким чакырып жатканын көргөнү келишет. Түн ичинде эки жырткычты азгырып, адегенде бирин 180 метр аралыктан атып алдык. Ал эми экинчиси көздөн кайым болуп, бирок бир сааттан кийин ал вабанын үндөрүнө кайтып келген. Аны 145 метр аралыктан атып түшүрдүк. Карышкырларга спорттук аңчылык үчүн тепловизору бар 6,5 калибрлүү мылтык колдондук. Бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундар малдын баарын тоо жайлоолоруна айдап кетишкен. Ал жакка карышкырлар да чыккан, ошондуктан жырткычтарды жок кылуу менен жергиликтүү малчылардын жашоосун бир топ жеңилдетип алдык», — дейт А.Окенов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE