Пример HTML-страницы

Мектептен чыккандан кийин көчөлөрдө жардам сурап, акча чогулткан мугалим Г.Шерматованын баяны

Акыркы жанылыктар

TurmushГүлзат Шерматова Сокулук районуна караштуу Комсомол айылындагы Комсомол орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштейт. Жалгыз бой эне болгондуктан, жумуштан кийин сулуулук салонунда эмгектенет.

Каарманабыз 1988-жылы 31-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жарык дүйнөгө келген.

Жашоо үчүн күрөш…

Өзүм 6 бир туугандын кичүүсүмүн. Бир эжем 2 жыл мурун каза болгон. Атам болсо быйыл август айында каза болуп калды. Ал эми жолдошум 36 жашында, 2022-жылдын 16-майында акка моюн сунду. 1 кыз, 2 уулум менен калдым. Кичинекейим 1-класска быйыл барды. Улуу балам 7-класста, кызым 6-класста окуйт.

Жолдошум 10 жыл мурда боорунан операция болгон. Альвеококкоз деген диагноз коюшкан. Ошол оору 10 жылдан кийин кайра кармады. 2022-жылдын августунда башталган. Ошол күндөн баштап көз жумганга чейин ооруканалап жүрдүк. Ал ортодо Индияга операцияга баргыла дешти. Ага 25 миӊ доллар керек экен. Эч нерсебиз калбай калганча саттык. Ишенесизби, көчөдө лөлүлөрдөй болуп акча сурап калдык. Ар жума сайын мечиттердин оозуна туруп сурайбыз. Бирок, элден айланса болот. Ошол элдин акчасы менен Индияга барып, стент (жука металл түтүк) койдурдук. Бирок жардам болгон жок. Стенттен кийин кайра эле 50 миӊ доллар тапкыла, боорун алмаштырабыз дешти. Биз андай каражат таба алган жокпуз. Индиядан келгенден кийин жолдошум 8 ай төшөктө жатып калды. Күндө 7,5-8 миӊ сомдук дары алабыз. Ал деле жардам берген жок. Тескерисинче күндөн күнгө алы кете баштады. Жегенинин баары түтүк менен чыгып жатты. Өзүм түшкө чейин мектепте сабак берип, түштөн кийин колума куту көтөрүп, мечиттерге барып, жардам сурадым. Кайрымдуулук концерт уюштурдук. Ушул жерден эмгек жамаатыма ыраазымын, колдоп беришти. Бирок, канчалык аракет кылганыбыз менен жолдошуман айрылып калдык. Анан акыркы сапарга узаттык. Батир жолдошум жок, ээнсиреп калды. Орду турат, өзү жок. Балдарым жалдырап мени карашат. Жолдошум ооруп жатканда үмүт менен жашадык. Жок болсо өтө жаман экен. Карасам, балдарыма менден бөлөк жардам кылар эч ким жок экен. Өзүмдү колго алып, иштеш керек болду. Мектепте сабак берүү менен бирге байпак, майда-чүйдөлөрдү сатып, оокат кылдык. Ошентип 1 жыл өттү. Бир аз көнгөнүм менен балдарым үчүн атанын орду бөлөк экен. Балдарымды кем кылбай багып, айлыгы жакшы жумуштан иштейин дейм. Бирок, сүйгөн кесибимен кете албайм. Анан дагы класска кирип, кичинекей окуучуларымды көргөндө, сырттагы бардык көйгөй жоголуп кетет.

Эмгек жолум…

2009-жылы турмушка чыктым. Кайын атам аябай жакшы киши. «Кызым окуп ал, иштеп кетесиӊ» деп, 2010-жылы Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине тапшырдым. Ал жерде 3 жыл окуп, 2015-жылы иштеп баштадым. Дароо эле даярдоо классын беришти. Көрсө, даярдоо классы аябай оор болот экен. Калем кармап көрбөгөн, бойтойгон кичинекей балдар келишет тура. Алар менен 1 жыл иштедим. Жылдын аягында ата-энелер менен биргеликте 1-июнга карата концерт койдук. Кийинки жылы уулум төрөлүп, ошону менен тыныгуу болуп калды. Кайра 2018-жылы жумушка чыктым.

Андан кийин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин сырттан бүтүрүп алдым. Ал кезде Токтогул районуна караштуу Кызыл-Уран деген айылдагы мектепте иштечүмүн. 12 жыл кайын журтумдун колунда жүрүп, 2 жылдан бери Чүйдөбүз.

Ошентип эмгек өргүүдөн келип, 2017-2018-окуу жылынын башталышында жумушка кирдим. Тажрыйбам анча жок, жаӊы эле жумушка киргем. Бирок, эмгек жамаатым 2018-жылдын март айында боло турчу «Жыл мугалими» сынагына көрсөтүп салышты. Кайын атам дагы мугалим болуп иштечү. Ал дагы «менин келиним чыгат» деп айтып коюптур. Мектептин жумушу бүтпөйт эмеспи. Үйгө келгенде дагы «эртеӊ сабакты кандай өтсөм, балдарды сабакка кантип кызыктырсам» дейсиӊ. Планыӊды түзөсүӊ, дептер текшересиӊ, айтор толтура. Кайын атама катышпайм деп айткандан уялып, айла жок катышууга туура келди. Ошентип 7 мектептин арасынан 2-орунду алдым.

Кайын атам мектептин директору эле, мага аябай көп жардам берди. Кайын атамдай эмес, өз атамдай болчу.

Эстен кеткис бир окуя

Биз менен бир пенсиядагы мугалим иштечү. Тажрыйбасы мол эле. Ал мага аяш апа дагы болуп кетет. Мен 2018-жылы өргүүдөн келген соӊ, ал пенсияга чыгып, анын сааттарын кыскартып, мага беришти. Ал мугалим сабагыма катышат, күндө тил угам. Планым жакпайт. Азыр ойлосом, ал эжеке мени өзүнүн деңгээлинде көргүсү келсе керек. Мектепке баратканда ошол эжекеден коркуп барчумун.

Бир күнү сабакка барсам, 25 окуучунун үчөө эле класста отурат. Калганы жок. Коркуп кеттим. «Каякта балдар?» десем, «сизден окушпайт экен, сабакка келишпейт экен» дешти. Директорго барсам: «Сен эжейге эмне деп айткансыӊ, айтышкан турбайсыңбы» деди. Мен болсо, «айтышкан эмесмин, бирок күндөлүккө баа койсом, журнал менен салыштырып жатат. Күндөлүккө балдарды шыктандыруу үчүн «5» деген баа коюп беребиз. Негизги билими журналга коюлат» дедим. Ал эжеке акт түзүп, «бул мугалим үйүндө эле баласын багып отурган, билими жок. Балдарыбыздын билим сапаты төмөндөп кетти» деп, 25 окуучунун ата-энесине түндө барып кол койдуруп, райондук билим берүүгө жөнөтүп жибериптир. Мектептеги мугалимдер: «Райондон текшерүү келет экен, сенин азабыӊан» деп мени жаман көрүштү. Ары карап ыйлап, бери карап сабак өтөм. Ошентип 5 окуучуга 5 күн сабак өттүм. Анан райондон кишилер келип, чогулуш болду. Мен болсо калчылдап коркуп жатам. Ишенгеним кайын атам, бир деме деп койсо экен дейм. Карасам кайын атам жок, үйгө кетип калыптыр. Райондон келген агай чогулушка катышты. «Бул мугалимдин билими төмөн экен, четтеткиле деп талап кылыптырсыздар» деди. «Ооба» дешти отурган ата-энелер. Анан бир ата-энени тургузуп: «Билим сапаты төмөндөп кеткенин кайдан билдиӊиз?» десе, тиги ата-эне унчукпай туруп калды. 5-6 ата-энеден сурады, унчукпай отурушту. Арызды жазган эженин небереси менин окуучум болчу. «Сиз кайдан билдиӊиз» десе, «мен неберемден улам билип жатам» деди. «Негизи билим сапаты 4-чейректе билинет. Бул мугалим иштегенине 2 ай болуптур. Сиздер эч себепсиз балдарды 5 күн калтырганыӊыздар үчүн муну сот өзү чечсин. Мен бул арызды прокуратурага таштайм» деди. Анан ата-энелердин баары: «Кимиси окутса, ошонусу окутсун. Бизге айырмасы жок» деп чыгып кетип калышты. Канча жылдык стажысы бар эже эмне себептен андай кылды билбейм, бирок жаман абалда калды. Анан күндө текшерүү болуп, мени аябай такшалтып коюшту. Бир чети ыраазы болом. Эч качан эсимен кетпей турган окуя болгон.

Келечектеги максаттарым

Келечекте окуучуларымдын ийгилигин көргүм келет. Алдыда курс ачып, окуудан жетишпеген балдарды жетиштирип алсам деген кыялым бар. Өзүмдүн хоббим — китеп окуу. Бирок, турмуштун оош-кыйышынан китеп окууга чамам жетпей калат. Өзүм 1-нөөмөттө сабак берем. Түшкө чейин мектепте сабак берип, түштөн кийин сулуулук салонунда иштейм. Бош убактым болсо эле балдарыма жакшы тамак жасап, көчөгө чыгарып, ойнотуп келем. Сабактарын кээде карасам, кээде карабай калам. Чынында мугалимдин балдары каралбайт. Өзүмдүн классым менен алекмин. «Бул жакта 28 балам бар. Өзүӊөрдүн сабагыӊарды өзүӊөр карагыла» деп күлөм. Бирок болбой эле 1-класстагы балама көӊүл буруш керек болот.

Жолдошум жумушумду аябай колдочу. Ага аябай ыраазымын. Сулуулук салондо иштейм десем, окутту. Айткан сөзүнө турган, аябай боорукер, жакшы сапаттары бар эле. Эми аны жоктотпой, уул-кыздарымды мыкты инсан кылууга аракет кылам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE