Пример HTML-страницы

Мээрим Токтакунова 7 баланы жарыкка алып келип, 20 жылдан бери декреттик өргүүдө экенин айтат

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын 41 жаштагы тургуну Мээрим Токтакунова 7 баланын сүйүктүү энеси. Баатыр эненин жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Токтакунова Мээрим Масаевна 1983-жылы 12-майда туулган. Мектепке окуп жүргөндө балдарга билим берсем деп кыялданып, өзүн мугалимдик кесипке даярдачу. Ойлогон ой-максатына жетип, 2 жыл сүйгөн кесибин аркалагандан кийин декреттик өргүүгө чыккан.

Акыркы 20 жылда жолдошу менен 7 балалуу болуп, быйыл «Баатыр эне» ордени менен сыйланды. Жубайлар балдарына — Эрмек, Сыймык, Айназик, Амина, Хадижа, Раяна, Нурмухаммед деген ысымдарды ыйгарышкан.

«Балдардын улуусу 20 жашка келсе, кенжебиз 3 жашка толду. Быйыл мага «Баатыр эне» наамы ыйгарылды. Кудайыма шүгүр, ушул балдарды бизге белек кылып бергенине, миң жолу шүгүр айтсам да аздык кылат. Ар бир балам жашоодо өз жолун таап, келечеги кенен, бактылуу болушса экен. Алардын ар биринин көңүлүнө жараша мамиле кылып, жөндөмүнө жараша кызыгууларын арттырсам дейм», — дейт ал.

Мээрим айым баатыр эненин күндөрү кызыктуу өтөрүн айтат.

«Бирөөсү кыялын көрсөтсө, экинчиси кылыгы менен элжиретип, жашоомду шаңга бөлөйт. Турмушта ак менен кара бирге жүргөндөй, оор күндөр да баштан өтөт. Балдар ооруп, сыркоолоп калган учурда маанайым түшүп, сарсанаага бата баштайм.

Бала төрөп, ден соолугу кеткен энелер үчүн мамлекет тарабынан эч кандай жеңилдиктер жок. Ооруканага барганга ар бирине акча төлөөгө мажбурбуз. Ушунча жыл аралыгында балдардын жөлөк пулун алып көргөн жокмун.

Кыскасы кандай болгон күндө да баарыбызга ден соолук, ишибизге ийгилик, жерибизге тынчтык, элибизге ыйман менен токчулук жана молчулук берсин», — деп сөзүн жыйынтыктады баатыр эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE