Пример HTML-страницы

Манаста эски имарат оңдолуп, анда тигүү цехи, кыска мөөнөттүү бала бакча жана китепкана ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Манас районунда союз учурунда курулган имараттар оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу Манас райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 16-ноябрь күнү Кайыңды айыл аймагына караштуу Нылды айылында калкты иш менен камсыз кылуу жана жаңы жумушчу орундарды түзүү максатында тигүүчү цех, кыска мөөнөттүү бала бакча жана китепкана жайгашкан имарат оңдоодон өтүп, ачылыш аземи болду.

Аталган имаратты кайра оңдоодон өткөрүү үчүн өнүктүрүү фондуна 2 397 168 сомго долбоор жазылып, ишке берилди. Бул имарат союз учурунда курулуп, бир да жолу оңдоп-түзөө иштери жүргөн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE