Пример HTML-страницы

Лейлекте чет өлкөдөн алынып келип, суусуз жерге өстүрүлгөн дан өсүмдүктөрү сыноодон өткөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунда суусуз кайракы жерлерге өстүрүү үчүн алынып келген дан өсүмдүктөрүнүн уруктары сыноодон өткөрүлдү.

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Бакыт Саитовдун айтымында, бул багытта Лейлек кайрак мамлекеттик сорт сыноо участкасынын талаасында атайын семинар уюштурулду. Районундун көпчүлүк аймагы кайракы шартына ылайыкташкан Россия, Казакстан жана Өзбекстандан алынып келген уруктардын сортторун сыноодон өткөрүү менен үрөн чарбаларга, дыйкандарга даярдап берүү жагы жакшы жолго коюлган.

«Быйылкы жылга буудайдын 39 сорту, күздүк арпанын 11 сорту, жаздык буудайдын 10 сорту жана жаздык арпанын 15 сорту сыноого коюлган. Ал эми май өсүмдүгү үчүн Казакстандан алынган Ершовский сортундагы махсар (сафлор) 10 гектарга эгилген. Быйылкы жыл жаанчыл болуп, дыйкандардын мээнети бир топко жакшырып отурат. Белгилей кетсек, кайрак мамлекеттик сорт сыноо участкасы республикада эки гана райондо жолго коюлса, анын бирөө ушул Лейлек району», — деди ал.

Ал чет мамлекеттен алынып келген дан эгиндеринен 33 га жерге буудай, 23 га жерге арпа, 1 га жерге сулуу, 10 га жерге махсар жана 25 га жерге агротехникалык эрежелерди сактоо үчүн беде эгилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE