Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыяда азык-түлүктүн баасын арзандатуу үчүн жармаңке уюштурулат

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарында да азык-түлүккө болгон баалар өстү. Бул тууралуу жергиликтүү сатуучулар билдирди.

Маалыматка караганда, соңку 10 күндө шекер, өсүмдүк майы, ун сыяктуу азыктарга баалар кошулган. Буга чейин 70 сомдон сатылып келген шекердин килограммы 100 сомго чыкты. 5 литр май буга чейин 700 сомдон сатылып келсе, учурда 950 сомдон сатылып жатат. Унга болгон баалар да мурдагыдан өскөн. Унду ташып келүүдөгү жол акысы, күйүүчү май кымбаттагандыктан ага 50 сомдон 100 сомго чейин акча кошулду.

Соодагерлер менен Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков жолугушуп, азык-түлүккө болгон бааларды негизсиз көтөрбөө керектигин түшүндүрдү. Жакынкы күндөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында шаарда арзан баадагы жармаңке уюштуруларын айтып, ал биринчи кезекте социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө багытталарын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE