Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыяда аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө акысыз көмүр таратылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарында аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө акысыз көмүр таратылды.

Калаа мэри Асылбек Маткалыковдун айтымында, бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 400 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

«Бир мүшөк көмүрдүн баасы 300 сомдон бааланып, жалпысынан 1200 мүшөк көмүр сатып алдык. Сатылып алынган көмүрдү шаардагы аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген, майыптыгы бар 200 үй-бүлөгө акысыз тараттык. Мындан сырткары калкты арзан баадагы көмүр менен камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE