Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыя шаарында окуучуга кол көтөргөн мугалим кармалды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарындагы билим берүү мекемелеринин биринде мугалим окуучуну токмоктогону боюнча Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымат берди.

Социалдык тармактарда тараган видео боюнча Кызыл-Кыя ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү билдирме менен кайрылып, бул билдирме 2024-жылдын 24-январь күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.

Анын жүрүшүндө видео тасмага түшкөн 35 жаштагы Г.О. аттуу мугалим 2024-жылдын 22-январь күнү саат 22:30дар чамасында 16 жаштагы окуучу уктоо бөлмөдө достору менен сүйлөшүп отуруп, бакырып күлгөндүктөн аны коридорго алып чыгып, бетине колу менен ургандыгы маалым болгон.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Жашы жете элек 16 жаштагы балага соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренесинин негизинде 35 жаштагы Г.О. убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда дагы башка окуучулардын токмоктолушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE