Пример HTML-страницы

Кыз куумайга түшкөн Нагима Түгөлбай кызынын кызыктары

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылынын 17 жаштагы тургуну Нагима Түгөлбай кызы ат чаап, майрамдык иш-чараларда кыз куумай оюндарына чыгып келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Учурда К.Мамаев атындагы орто мектепте 11-класста окуйм. Быйыл бүтүрүүчү класс болгондуктан кесип тандоо алдында болуп, жогорку окуу жайга тапшыруу жагы ойлондуруп жатат. Айыл жергесинде жашагандыктан үй тиричиликтерин аткармай, мектепке барып сабак окумай. Мындан башка дагы убактым табыла калса, атымды токуп алып, ат үстүндө сейилдемей. Негизи ат чабууга кичинекей кезимден эле кызыкчумун. Өз алдынча ат минип, кийинчерээк жакшылап чапканды өздөштүрүп алдым. 8-класста окуп жүргөндө, алгачкы жолу кыз куумайга түшкөм. Ошондо артымдан кууп бара жаткан жигиттен озуп кетип, акчалай сыйлыкка татыгам. Мындан улам, менин ат чабууга болгон кызыгуум ого бетер арта түштү. Айтмакчы, кыз куумай оюнунун шарты боюнча, жигит озуп кетсе, кыздын бетинен өөп алат, кыз озуп кетсе жигитти камчылайт эмеспи. Жигитти камчылаганга колум барбады, анткени ал менин агаларым менен тең курак жашта болчу. Кыз куумай оюнуна түшкөндө алгач 500 сом байге беришкен, азыр 1500 сомго чейин көтөрүлүп калды. Буюрса, 21-март — Ноорузга карата да майрамдык иш-чара орун алат экен. Анда ат оюндары, анын ичинен кыз куумай оюну да уюштурулат. Ошол оюнга карата даярдык көрүп жаткан учурум», — дейт ал.

Анан айтымында, ат ала качып кеткен учурлар да болгон.

«Алгач аттын сырын биле элек кезде ала качып кеткен учурлар да болгон. Ат катуу ылдамдыкта чуркап, эч токтобой койгон. Мен колдон келишинче жакшылап отуруп, кулап кетпегенге аракет кылгам. Ат акыры чуркап чарчаганда, өзү токтогон. Буга чейин ар кандай аттарды минип чаптым. Жыгылган эмесмин, балким өзүмдү аттын үстүндө тың алып жүргөн үчүн болсо керек. Ат минүүдө эң негизгиси коркпой, өзүңдү ишенимдүү алып жүрүшүң зарыл. Акылдуу жаныбарлардын катарын толуктаган жылкы баласы баарын сезип билип турат. Муну менен катар ат укпай, ары-бери тыбырчылап жатса, ооздугун катуу тартуу абзел. Болбосо, ала качып кетип, жыгылып түшүүгө түрткү болушу мүмкүн.

Келечекте элге пайдасы тийген жакшы бир кесиптин ээси болгум келет. Ага кошумча ат жалында ойногон «Азия жигиттери» каскадерлор тобуна кошулсам деген ниетим бар», — деди ал.

Нагима Түгөлбай кызы үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE