Пример HTML-страницы

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Акыркы жанылыктар

Turmush5-апрелден 7-апрелге чейин абанын температурасы жогорулаганына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 289-305-чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман—Ак-Тал—Чат унаа жолунун 60-94-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-50-65-90-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон—Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүшү мүмкүн. Айрым жерлерде жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE