Пример HTML-страницы

Куршабдын жашоочулары бирге иштеп, жөө жүрүү коопсуздугун жакшыртышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургундары биргелешип иштешүүсүнүн натыйжасында айылдагы дээрлик 3 чакырым тротуар оңдолуп-түздөлдү. Бул демилгени айылдын эң жыш көчөлөрүнүн бириндеги жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздандыруу максатында жергиликтүү активдүү жарандар тобу көтөрүп чыккан. Алар айылдын жашоочуларын бул маселени чечүүгө тартып, каржылоо булактарын да табышкан. Бул иш-аракетке жергиликтүү демилгелерди колдогон USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору колдоо көрсөттү.

2020-жылы Куршаб айылынын тургундары 2,85 км узундуктагы Камчыбеков көчөсүнүн коопсуздук маселесин чечүү максатында демилгелүү топ түзүшкөн. Алар бир нече жолу коомдук талкуу өткөрүп, демилгени алдыга жылдыруу жана каражат чогултуу иш-чараларын уюштурушкан. Тротуарды оңдоп-түзөөгө жергиликтүү жеке ишкерлер 612 000 сом, ал эми чет жерде иштеген айылдаштар 272 300 сом чогултуп колдоо көрсөтүштү. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 1 460 000 сомдук каражат бөлүп берсе, USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору 1 498 500 сомдук акчалай эмес салымын кошкон.

Куршаб айылындагы аялдар кеңешинин жетекчиси жана демилгелүү топтун мүчөсү Аминакан Калыкованын айтымында, Камчыбеков көчөсүндөгү тротуарды оңдоо демилгесине айылдын мектеп окуучулары, ата-энелер, улгайган жана майыптыгы бар жарандар абдан ыраазы.

«Мурда мектепке бара жатканда балдарыбыз унаа жүргөн жол менен басууга мажбур болушкандыктан, кокусунан унаа уруп кетүү коркунучу болгон. Ошондуктан биз көчөнү коопсуз кылуу максатында жардам көрсөтө алган тараптар менен күч-аракеттерибизди бириктирдик», — деди ал.

Жаңы тротуардын курулушу 2022-жылдын июнь айында аяктады. Эми мындан ары Куршаб айылынын 19 миңден ашуун тургуну айылдагы мектептерге, бала-бакчаларга, ооруканага, милиция жана башка мекеме-ишканаларга коопсуз бара алышат.

«Жергиликтүү тургундар башында турган демилгенин ийгиликтүү ишке ашырылышына USAID салымын кошкондугу үчүн биз сыймыктанабыз», — деп 6-июлда Куршабдын жашоочулары жана бийлик органдары менен жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын башчысы Кайя Адамс баса белгиледи.

*«Жигердүү жарандар» – бул USAID тарабынан каржыланып, Кыргызстанда 2019-2024-жылдары FHI 360 уюму ишке ашырып жаткан, жарандык катышууну колдоого багытталган беш жылдык долбоор. Долбоордун негизги максаттарынын бири жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жарандык коом, өкмөт жана жеке сектордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат. Долбоор 2020-жылдан бери Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарынын он муниципалитетинде жыйырма жарандык демилгени колдоп келүүдө. Алардын ичинен сегиз демилге аягына чыкты. Бул демилгелерге коомдук жайларды куруу, чоң көчөлөрдүн четине коопсуз тротуарларды куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, балдардын музыкалык билим алуу, инклюзивдик оюн аянтчаларынан пайдалануу жана мектептерде жылуу жана коопсуз дааратканалардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу сыяктуу долбоорлор кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE