Пример HTML-страницы

Кочкордун мергенчилери Ат-Башыдан карышкырдын чоң дөбөтүн атып алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун мергенчилери Ат-Башынын Талды-Суу деген жеринен чоң дөбөт карышкырды атышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мергенчилер билдиришти.

Малчылар Кочкордогу карышкыр атып жүргөн мергенчилерге Ат-Башыда бодо малдарды, жылкыларды карышкырлар жеп кетип жаткандыгы тууралуу билдиришкен.

Кочкордон жерине беш мергенчи барып, Ат-Башынын Талды-Суу деген жеринен эки карышкырды көрүшкөн. Аңдууга алып тосуп турган учурда Биринчи-Май аймагынан келген карышкырлардын бирин атып алышкан. Экинчиси качып, кутулуп кеткен.

КР президентинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Зыяндуу жырткыч жаныбарларды атып санын азайтуу үчүн сый акынын көлөмү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 токтомуна ылайык, бир баш карышкырга 6000 сом, бир баш чөөгө 2000 сом жана бир баш бөлтүрүккө 1500 сом болуп бекитилген. Тиешелүү документтер толук тапшырылгандан кийин социалдык фондго, киреше салыгына төлөмдөрдү кармоо менен карышкырга 4800 сом, чөөгө 1600 сом, бөлтүрүккө 1200 сом сый акы мергенчилердин өздүк эсептерине которулуп берилет.

2023-жылы Нарын облусунун аймагында 117 карышкыр (702 000 сом), 98 чөө (196 000 сом), 2 бөлтүрүк (3000 сом) атылып, жалпы 901 000 сом мергенчилерге мамлекеттен сый акы катары төлөнүп берилген.

«Райондор боюнча алсак, Ак-Талаа району боюнча 10 карышкыр (60 000 сом), 17 чөө (34 000 сом), 1 бөлтүрүк (1500 сом); Ат-Башы району боюнча 58 карышкыр (348 000 сом), чөө 6 (12 000 сом); Жумгал району боюнча 15 карышкыр (90 000 сом), 27 чөө (54 000 сом); Кочкор району боюнча 24 карышкыр (144 000 сом), 38 чөө (76 000 сом); Нарын району боюнча 10 карышкыр (60 000 сом), 10 чөө (20 000 сом), 1 бөлтүрүк (1500 сом) атылып, сый акылары өз убагында которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE